Мындан үч ай мурун казакстандык белгилүү продюсер Баян Есентаеваны жолдошу бычактап, ал оор абалда ооруканага жеткирилген. Айрым маалымат булактарында "Баянды жолдошу кызганычтан бычактаган" десе, айрымдары "продюсер өзү жөн жүрчү эмес экен" деп жазып чыгышкан. Буга чейин окуя тууралуу үн катпай келген Баян Есентаева биринчи жолу маек курду. Анын айтымында, окуя болгон күнү жолдошу аны аэропорттон такси менен келаткан жеринен кармап алып бычак сайып, 2 саат ур-токмокко алган. "2 саат бою кордогондуктан эриним айрылып, тиштерим, мурдум сынды. Андан бери 3 ай өтсө да бет булчуңдарым жакшы иштебей, сол көзүм жакшы көрбөй калды" дейт Баян. "Мен аны сыйлачумун, көнүп калгам, бирок башынан эле сүйчү эмесмин. Ал казинодо ойночу. Анын айынан батирлерибизден, унааларыбыздан айрылганбыз. Мен аны азыр кечире албайм, укук коргоо органдары мыйзамдын чегинде жазасын беришсин. Кандай гана белгилүү, ийгиликтүү аял болсоң да эркектин күчүнө каршы тура албай калат экенсиң",- деп билдирген.
Есентаева жолдошу менен 22 жыл бирге жашаган, ортодо 2 кызы бар. Баяндын күйөөсү күнөөсүн моюнуна алган. Ал "киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча айыпталууда.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg